super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаевдин маегинде айтылган урунттуу цитаталар

 

Кечээ, экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берди. Интервьюнун жүрүшүндө айтылган урунттуу цитаталар төмөндөгүлөр болду:

“Жакын деп санаган адамдарым басып кеткен жок, сатып кетти”.

“Эң чоң адашканым ушул президенттик шайлоо болду окшойт”.

“Мыйзамды бузуп, Текебаевди каматтырбай эле койсом болмок окшойт. Миллиондун алынганы – чын”.

“Бирок азыркы бийликке таң каласың. Мен Сооронбай Жээнбековду уксам, эчтеке кылбай эле азыркыдай отурушум керек экен да”.

“Биринчи - Кудай, андан кийин - сиз” деп 24 жыл жаныңда дос болумуш болуп жүргөн адам мага ушундай душман болуп чыгып келсе таң калат экенсиң”.

"Президенттикке талапкерди түштүктөн бирөөнү тандайбыз дегенде болгону Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков акылыма келиптир. Албетте, бул менин чоң катачылыгым".

"Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек".

"Адахан Мадумаровдун президенттик шайлоонун легитимдүүлүгү жөнүндө айткан сөзү - ачуу чындык".


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: