super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Түштүк Чоң Чүй каналын тазалоо иштери башталды

 
Тазалоо иштери кызуу жүрүүдө
Таштандыларды унаага жүктөп кетишүүдө
Каналды тазалоо ишине мэр көзөмөл кылып турмакчы

Бүгүн, 16-июлда саат 6:00дө 5-6-кичи райондорунун аймагында жайгашкан Түштүк Чоң Чүй каналын тазалоо иштери башталды. Бул иштер “Тазалык”, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканалары тарабынан жүргүзүлүүдө. Анда каналдын ичи-тышындагы чөптөрдү тазалап, жээгиндеги бак-дарактар буталууда. Көпүрөгө жаңы үлгүдөгү таштандыларды таштоочу 4 урна коюлду. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан канал 3,5 чакырым аралык тазаланып, 300-800 куб таштандыларды чыгаруу белгиленүүдө. “Каналдын мындай абалын чыдап карап турууга мүмкүн эмес. Мындан мурда Ала-Арча суусунун агымы боюнча Чоң Чүй каналынын 3 чакырымын тазалаган элек, ага карабастан шаардыктар каналды булгоону улантышууда. Жергиликтүү бюджеттен каналдарды тазалоо үчүн 300 миң сом каражат бөлүндү”,- деди шаар башчысы Иса Өмүркулов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: