super.kg logo
  Саясат  

Википедияга "Матраимовдордун коррупциялык кланы" деген аталыштагы макала жарыяланды

 

Википедияга "Матраимовдордун коррупциялык кланы" деген аталыштагы макала жарыяланды.

Макалада кландын башчысы, негиздөөчүсү катары КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов деп белгиленген.

Искендер Матраимовдун бир тууганы Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Райымбек Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган.

25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.

Өкмөт 17-августта аталган кызматтын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун доосу боюнча чыккан райондук соттун чечимине карата доо арыз берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: