ЖЫЛНААМА, 11-ДЕКАБРЬ: Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев 44 жашка чыкты

1995-жылы Казакстандын Алматы шаарындагы Чек арачылардын жогорку командалык окуу жайын бүтүргөн.
2007-жылы Орусия Федерациясындагы Коопсуздук кызматы федерациясынын Чек ара академиясын бүтүргөн.
Аскердик жолун Орусия Федерациясынын Федералдык чек ара кызматынын Кыргыз өлкөсүндөгү өзүнчө тобу болгон Нарын чек ара отрядында "Торугарт" чек ара тозотунун (застава) башчысынын орун басары кызматы менен баштаган.
1997-2011-жылдары ар түрдүү офицердик жана жетектөөчү кызматтарда иштеген.
2011-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын Чек ара мекемесинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

2013-жылдын ноябрынан 2014-жылдын февралына чейинки аралыктарда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткарган.
2014-жылдын 22-февралынан баштап Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматын жетектеген.
2016-жылдын 11-майынан тарта Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы болуп дайындалган.
Үй-бүлөлүү, үч уулдун атасы.
11-декабрдын жылнаамасы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-21

Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Kgda

11.12.2018. 16:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр таш ыргытсан генералдын башына барып тиет Союз кезинде Кыргызстан боюнча эки эле генерал болгон экен. Генерал наамдын да паркы кетти, СССР дин капитан майорлору азыр бизде генералдар бут жасалма.
Kgda түзөттү 2018-12-11 16:33:35
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.