super.kg logo

Францияда өзгөчө кырдаал жарыяланды

 

Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөдө өзгөчө кырдаал түзүлгөнүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, буга өлкөдө болуп жаткан нааразычылык акциялары себеп болду. Макрон мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылуу жасап жатып митингге чыккандарды сындады.

"Мен бүгүн өлкөдө социалдык-экономикалык өзгөчө кырдаал түзүлгөнүн жарыялайм. Биз экономиканы, билим берүүнү жана эркин өлкөдө жашагысы келген жаштарыбызды колдошубуз керек. Болуп жаткан нараазычылыктар негиздүү. Бирок бул полиция кызматкерлерине, имараттарга кол салууга мүмкүн дегендик эмес. Биздин эркиндигибиз - ар бирибиздин өз оюбузду ачык айтып чыга алганыбызда", - деп билдирди Макрон.

Мындан сырткары президент 2019-жылдан баштап өлкөдөгү айлык маяналары 100 еврого көтөрүлөрүн жана ушул жылдын аягында ар бир кызматкерге салык төлөнбөй турган премия берилерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Францияда ноябрь айынын орто ченинен баштап "сары жилетчендердин" нааразычылык акциялары токтобой келет. Демонстранттар алгач күйүүчү майдын баасынын кымбатташына каршы чыгышса, кийин өлкөдөгү социалдык кырдаалга нааразычылыгын билдирип башташкан.

Нааразычылык акциялары полиция кызматкерлери менен демонстранттардын кагылышуулары менен коштолуп, айрым маалымат булактарынын жазганы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин 5 миңдей адам кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
11.12.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Силерда өз башыңарды өзүңөр жегилечи, байкуш өлкөлөрдү эле тополоң кылып бөлүп-жара бербей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: