super.kg logo

Сүйүктүү азыктар жаңы таңгакта. “Бишкексүт” заводу азыктарды жаңы таңгакта чыгара баштады

 

30-ноябрда старт алган салтанаттын ачылышына Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана "PepsiCo" компаниясынын Беларусь, Украина, Кавказ жана Борбор Азия боюнча менеджери Серхио Пайа катышты. Инвестициялык долбоор Кыргыз өлкөсүндө "PepsiCo" компаниясы тарабынан ишке ашты.

Мындан ары “Бишкексүт” ишканасынын азыктары колдонуудагы жана сактоодогу жаңы артыкчылыктары менен айырмаланат. Жаңыланган жана жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган завод эми азыктарды ПЭТ-таңгак менен чыгара баштады.

Керектөөчүлөргө жаңыланган таңгактын 0,27 л., 0,45 л., 0,54 л. жана 0,93 литрлик сыйымдуулуктагы таңгактары сунушталат. Жаңы таңгактар менен "Веселый молочник”, “Домик в деревне”, соода маркаларынын сүттөрү жана айрандары “BioMax” жана “Чудо” соода маркаларынын йогурттары чыгарылмакчы.

“Биздин керектөөчүлөрдү кубандырган жогорку сапаттагы даамдуу азыктарды чыгаруу – бул PepsiCo компаниясынын негизги милдети. Биз айыл чарба өндүрүмдөрүнөн даярдалган, жергиликтүү рыноктон өндүрүлгөн сүт азыктарынын мындан да кеңири түрлөрүн сунуштайлы деп жатабыз. Өндүрүштүн жаңы тобун чыгаруу - сактоого жана колдонууга абдан ыңгайлуу болгон заманбап таңгактагы сүйүктүү азыктарды жаңы форматта даярдап чыгуубузга жол ачат”, - деди Серхио Пайа ачылыш аземде.

“Бишкексүттүн” азыктары жергиликтүү фермердик чарбалардын табигый чийки заттарынан даярдалат. Сапат – бул иштин бардык этаптарындагы негизги талап. Чийки зат лабораториядагы текшерүүдөн кийин гана иштетүүгө жиберилет. Анализдердин артынан эле сүттү тазалоо, жыттан арылтуу сыяктуу атайын процедуралар жүргүзүлөт. Сүт азыктарын стерилдөөдөн өткөрүү шарты бактериялардын азыкка кошулуу коопсуздугун алдын алып, сактоо мөөнөтү бүткөнгө чейин сапаттуу сакталуусун шарттайт.

“Бишкексүт” ААКсы – Кыргызстандагы азык-түлүк жана суусундуктарды өндүрүүчү ири ишкана. Завод сүт азыктарынын 49 түрүн өндүрөт: “Домик в деревне” жана “Веселый молочник” соода маркаларындагы стерилденген сүт, айран, май, каймак менен катар “BioMax”, “Чудо” ароматташкан сүт, ичүүчү йогурттары ж.б. Ишкана PepsiCo компаниясынын тобуна кирет. Өндүрүштөгү эл аралык стандарттар - керектөөчүлөрдүн коопсуздугуна кепилдик берип, туруктуу жогорку сапат менен камсыздайт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
11.12.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Завод фабрика куруп жаткан менен элге пайдасы тийбеди же Россия, Казакстандын базарларына чыгарган продукцияны сата албагандан кийин пайдасы барбы бизге.
11.12.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Samash-87, сенин пайдан тийдиби Кыргызстанга?
11.12.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Han1111, сага кандай кызыкчылыгы бар менин пайдамдын,
11.12.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Han1111,
Калыстык созум; Сенин, жеке Сенин КРга кандай пайдан тийгенин тизмектеп айта аласын?
Ушу бойроктон шыйрак чыгарган адат олгондо калат деген чын!!
11.12.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Менин пайдам тийдиби деп жатабы,же элдин пайдасы көбүрөөк тийиш керекби мамлекетке.бийликке караганда?!
11.12.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chygarmak tugul elder ichip buttugo bul suttu.
12.12.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстандан чыгарылган товарларды сатып алайлы экономикабыз учун, Кытай Узбекистан, Таджикистан, Россиянын товарлары коп бизде
12.12.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jin1209,кошулам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: