super.kg logo
  Спорт  

Дүйнөлүк Универсиада: Грек-рим күрөшү боюнча 1-күнкү мелдеште кыргыз спортчулары медалга ээ болушкан жок

 

Татарстандын Казань шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк Универсиадада кечээ, 15-июлда грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары медалга жетише алган жок. Мелдештин расмий сайты жарыялагандай, күрөштүн биринчи күнүндө Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 4 спортчу килем үстүнө чыгышкан. Элдияр Бегалиев (55 кг) чейрек финалга чыгып, бирок жарым финал үчүн болгон беттеште азербайжандык спортчудан утулуп калган. Ал эми Жакшылык Эмилбеков (66 кг) 25 спортчунун ичинен 11-орунду алып, медалга жетишкен жок. Ошондой эле Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов дагы Кыргызстандын эсебине медаль алып келе алышкан эмес. Белгилей кетсек, бүгүн, 16-июлда Атабек Азисбеков (74 кг), Атай Койчукулов (60кг) жана Аман Токтогонов (96 кг) грек-рим күрөшү боюнча беттешке чыгышмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.07.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч нерсе эмес,ага капа болбогула,азыр болбосо кийинкиде болуп калаар.Россия негизги кучту жоноткон учун медалдын баарын алып жатат да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: