super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Арча-Бешик конушунун ички көчөлөрүн газ киргизебиз деп казып салышкан. Эми баткактан баса албай калдык" дейт окурман

 

"Газпром Кыргызстан" ААКсы газ түтүктөрүн киргизгенден кийин казган жерлерди баштапкы калыбына келтирип бербейт". Мындай билдирүүсүн Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунан окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" жөнөткөн.

"Арча-Бешик жаңы конушуна 1 жыл мурун "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы газ түтүкчөлөрүн киргизип баштаган. Көчөнүн бою казылгандан кийин топурак ошол боюнча калып, жаан-чачындуу аба ырайында баткактан басууга мүмкүн болбой калат. Жолдун бетине жука болсо дагы шагыл төгүп беришсе жакшы болмок. Киши эмес, ит баса албайт. Унаалар тыгылып, жуурулушуп эле калды. Айылдарды өнүктүрүү программасына өкмөт Бишкектин четиндеги конуштарды да киргизип иретке келтирсе болот эле", - дейт окурман.

Ушундай эле маалыматты Арча-Бешиктин башка көчөлөрүндө жашаган тургундар да жиберишүүдө. Окурмандын айтымында Жазыйра көчөсү дагы дал ушундай абалда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.12.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин көчөлөр да ушундай. Кайсыл жеринен басышты билбейсин. Баткакка батып калабыз. Машиналарыбыз да тыгыөып калып атат. Арчабешикти жакшылап эле карашса болмок.
12.12.2018. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арча-Бешик такыр эле каралбай калды кийинки эле жаны конуштарга барсан кочолору асфальт прожекторлор койулган кыскасы онугуудо а Арча-Бешикте онугуу жок, анысы аз келгенсип Газпром жолдун баарын казып жашоочуларды 15-20 жыл артка алып келип койду баса албай калдык бут кийим тутпойт бизде айыл окмот такыр эле иштебейт балким оздоруно иштеп ичип жеп койуп жатышкандыр ким экенин эл билбейт деле болуш керек мен айыл окмот Ким билбейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: