super.kg logo

"Манас" аэропортунда коюу туман тарабай, учактар дале кармалууда

 

"Манас" аэропортунда коюу туман тарабай, учактар дале кармалууда. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аэропорттун басма сөз кызматынын өкүлү Алия Курбанова кабарлады. Буга байланыштуу айрым каттамдар учуу убактысын башка убакытка жылдырууга аргасыз болууда.

"Эртең менен коюу туманга байланыштуу Үрүмчү, Москва, Грозный, Стамбул жана Баткен шаарларына кетчү учактар кармалып жатканын айтканбыз. Абал дале өзгөрүүсүз калып жаткандыктан Баткенге уча турган учактын каттамы убактылуу токтотулуп, Үрүмчүгө кетчү каттам 12-декабрга жылдырылды. Ал эми калган каттамдар учуу убактысын башка саатка жылдырууга аргасыз болуп турушат. Коюу туман тарап кетери менен иш өз нугунда улантылат", - деди Курбанова.

Курбанова "Манас" аэропортунун жамаатынын атынан элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
11.12.2018. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдар деле туура тушунот болуш керек эми бул жаратылыштын кубулушу да адамдын колунан эч нерсе келбешин баары билет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: