super.kg logo
  Саясат  

Бабанов: "Мейли баасы кымбат болсун, бирок адилеттүүлүк жеңип чыкты!"

 

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Бабанов жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата билдирүү жасады.

"12-декабрда биздин залкар жазуучубуз 90 жашка чыкмак! Адамды кантип гана каралашпасын, өз эмгеги жана чыгармачылыгы үчүн элдин баасына татыйт эмеспи. Чыңгыз Төрөкулович Айтматов буга көрүнүктүү далил.

Айтматов элибизди жана өлкөбүздү бүт дүйнөгө даңазалаган! Ал көчмөн элинин өзүнүн таланттары бар экенин көрсөткөн. Анын "Гүлсарат", "Биринчи мугалим", "Жамийла", "Кыямат" жана башка чыгармалары жан дүйнөгө терең таасир калтырбай койбойт...", - деп жазды Бабанов.

Андан соң ал Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романындагы төмөнкү цитата менен билдирүүсүн кошумчалады. "... адамды жек көрүү кемчилигин жок кылууга адамзатка дагы көп убакыт бар. Канчалык узак экендигин керек болсо, боолголоо оор. Ушунун баарына карабай, мен жер жүзүндөгү АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮН жоюлбашы үчүн өмүрүмдү бере алам. Мына бул жолу да ал жеңип чыкты. Мейли баасы кымбат болсун, бирок ал жеңип чыкты!" - деп айтылат Айтматовдун чыгармасында.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керектигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: