super.kg logo

"Жайкы бут кийимчен кызматкерлер". УКМК Зилалиевдики делген акчалар банктан качан чыгарылып кеткенин айтпай жатат (толукталды)

 

Кечээ, 11-декабрда УКМК коммерциялык банктардын биринде мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдики делген 889 миң 900 доллар акча чыгарылып жатканда тартылган видеону интернетке тараткан.

Анда бул акчаны Зилалиев 2018-жылдын сентябрына чейин сактап жүргөнү айтылат. Мындан тышкары видеодо кызматкердин "15-августтан тарта 76-буйруктун негизинде бүгүн Зилалиев Дүйшөнбек Текшербековичтин банктагы ячейкасын ачып жатабыз" деп айтканын угууга болот.

Видео жарыялангандан кийин интернет-колдонуучулар кызматкерлердин жайкы бут кийимине көңүл буруп, "акчалар банктан жай айларында эле чыгарылганбы?" деп суроо салышууда. Аталган суроолор менен SUPER.KG бүгүн, 12-декабрда УКМКга кайрылды. Бирок бул мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн мындай маалыматтар берилбей турганын билдирсе, дагы бир өкүлү Кубан Арзыкулов видео Дүйшөнбек Зилалиев кармалгандан кийин тартылганын айтууда.

Мурдагы вице-премьердин жактоочусу Учкун Каримов SUPER.KG'ге Зилалиев ал акчаларды кайдан тапканын так айта алган жок. Бирок Зилалиевдин сөзүнө таянып, ал акчаларды кандай жагдайда иштеп тапканы боюнча тийиштүү документтери бар экенин белгиледи.

"Зилалиев ал акчаларды мал-мүлкүн сатып жыйнагандыр. Өзүнүн жана жакындарынын айтканына караганда, ал акчалар кайдан келгени боюнча тийиштүү документтер бар экен. Эгерде документтери бар болгон болсо, тергөөдө көрсөтүшөт. Эгерде документтер жок болуп калса, анда суроо жаралат", - деди Каримов.

Ал эми банктагы акча боюнча видео банк кызматкерлери тарабынан мурун эле тартылган болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

"Кайсы бир адам банкка акча салса, сөзсүз келишимдин негизинде салат. Ал үчүн банкка акча төлөп берип турушу керек болот. Эгерде ошол акчаны убагында төлөбөй калса, банк эскертүүнүн негизинде тактап коюу үчүн ячейканы ачып андагы акчаны санап чыгып кайра салып коёт. Интернеттеги видео банк тарабынан буга чейин эле тартылып, эми УКМКга өткөрүлүп берилип жаткан болушу мүмкүн", - деген ойдо жактоочу.

Ушул жылдын 7-декабрында "мыйзамсыз байыган" деген айып менен Дүйшөнбек Зилалиев УКМК тарабынан кармалган.


кошулду





УКМК Дүйшөнбек Зилалиевдин коммерциялык банктардын биринен табылган акчасын көрсөттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
Медиа-портал
11.12.2018. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мына Кыргызстандын акчалары!!!
Медиа-портал
11.12.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кай жака кетти Эми бул акчалар
Медиа-портал
12.12.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мына элдин акчасы, мына элдин сырткы карызы
Медиа-портал
12.12.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Галстуктарына караганда оптима банк окшойт
12.12.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин башын айлантмай.
12.12.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дагы башкаларын текшерсе чекесинен чыга берет чиновниктердики, бул башкаларга эскертуу болуп жатат акча байлыктарынарды каткыла же закондоштургула же качкыла деп убакыт берип жатышат.
12.12.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХХ Ушинтип согуп атам тиги жегичтерди! УКМК ны баш кылып. Кечирип койгула!Башкача соксом болбой калчудай.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-12-12 12:38:14
Медиа-портал
12.12.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
офистин ичинде баарыле жайкы бут кийим менен журушот кышында деле.
12.12.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Зилалиевдин акчалары, мүлктөрү интернетке тарагандан бери менде уйку жок, курсагымдын тойгонуна ыраазы болуп жүргөн турбаймынбы деп. Эмнеге мен бул кишидей болуп тытынып иштей албайм деп)) Буга чейин деле башкалардыкын чукуп чыгышкан,бирок мындай абалда болгон эмес элем))
Медиа-портал
12.12.2018. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
120 депутаттын баарын камаса баарында бар,экс президентти азыркы президентти да текшерсе аларда мындан да көп.Министир,пракорор,судялардыкын да чогултса сырткы карыздардан кутулабыз.
Медиа-портал
12.12.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул акчалар эми кимдин ячейкасына которулуп атат.
12.12.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
120сын тең текшериш керек мындан да көп чыкса керек баарынын үйүнөн банктан же ушуну көрүп башка жака жылдырып ийиштиби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: