super.kg logo

Францияда Рождество майрамына карата уюштурулган жарманкеде ок атылып, 4 адам каза болду

 

Франциянын Страсбург шаарында кылмышкер жарманкеге келгендерге карата ок чыгарды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, жарманке Рождество майрамына карата уюштурулган.

Франциянын ички иштер министри Кристоф Кастанер: "11-декабрь күнү саат 19:50дө кылмышкер шаардын 3 жеринен ок чыгарган. Анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 12 адам жаракат алган", - деген маалымат тараткан. Жаракат алгандардын арасында италиялык журналист дагы болгон.

Окуя болгондон кийин кылмышкерди издөөгө жалпысынан 450 полиция кызматкери тартылган. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Шериф Ш. аттуу жергиликтүү тургун колго түшкөн. Кылмышкер буга чейин "тоноочулук" жана "адам өлтүрүүгө аракет кылууга" шектелгени айтылган.

Учурда Страсбург шаарында Рождество майрамына карата өтүп жаткан жарманкелер токтотулуп, базар жабылган. Ошондой эле маданий иш-чаралар токтотулганы маалымдалган.






Франциянын Страсбург шаарында белгисиз адам ок чыгарып, 4 адам каза болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.12.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулман экен деп чыгабы эми...
12.12.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шериф Ш деп тергеп койдунарбы?
12.12.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтин эле уюштурганы... 10 күндөн бери митингтер болуп жатпайбы, ошолорду таратыштын жолу болуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: