super.kg logo

"Бакай Банк" Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде чыгарылган юбилейлик коллекциялык тыйындарды сатыкка койду

 

"Бакай Банк" ачык акционердик коому залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын урматтоо менен жазуучунун 90 жылдык юбилейине арналып Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык тыйындарга ээ болууну сунуштайт.

"Жамийла"

10 сом, күмүш (925), салмагы 28,28 грамм, диаметри 38,60 миллиметр, баасы 1980 сом.

"Биринчи мугалим"

10 сом, күмүш (925), салмагы 28,28 грамм, диаметри 38,60 миллиметр, баасы 1980 сом.

"Саманчынын жолу"

10 сом, күмүш (925), салмагы 28,28 грамм, диаметри 38,60 миллиметр, баасы 1980 сом.

"Гүлсарат"

10 сом, күмүш (925), салмагы 28,28 грамм, диаметри 38,60 миллиметр, баасы 1980 сом.

"Ак кеме"

10 сом, күмүш (925), салмагы 28,28 грамм, диаметри 38,60 миллиметр, баасы 1980 сом.

"Бакай Банкы" өзүнүн кардардык базасын кеңейтүү жана коллекциялык тыйындарга кызыкчылыкты өстүрүү максатында 2018-жылдын апрель айынан баштап Улуттук банк тарабынан чыгарылган нумизматикалык тыйындарды сатуу ишмердүүлүгү менен алектенип келет. Ошондой эле ушул багыттагы ишмердүүлүктү өнүктүрүп, сатуунун көлөмүн чоңойтууну көздөөдө. Белгилей кетсек, бардык коллекциялык тыйындар алтындын буусуна кармоо, голограмма, чегүү, оксиддөө, түрдүү таштарды чөгөрүү сыяктуу тыйын өндүрүшүнүн заманбап технологиясын колдонуу менен чыгарылган. Алар эл аралык тыйындар сынактарынан беделдүү сыйлыктарды жеңип алышкан. "Айтматовдун чыгармалары тыйындарда" аталышындагы тыйындар сериясы Санкт-Петербург шаарында өткөн "Тыйындар топ жылдызы - 2010" төртүнчү эл аралык эстелик тыйындарынын сынагында "БИБЛИО-ГЛОБУС" соода үйүнүн ардактуу диплому менен сыйланды.

Коллекциялык тыйындары сатып алуу боюнча төмөнкү телефондорго кайрылса болот: 0 (312) 610 061, уюлдук телефондон 6111 кыска номерине жана WhatsApp 0(554) 006 111.

Дарек: "Бакай Банк" ААКсынын башкы кеңсеси: Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 77.

Социалдык тармактар: facebook Instagram Twitter

Сайт: www.bakaibank.kg


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
12.12.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы,бирок орус тилин кыргыз жузуно суйкобой эле койсо болмок
12.12.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура айтасың. Кыргыз тилинин баркы кетип бара жатат. Кайсыл жерге болбосун орус тилин кыпчып турушат
12.12.2018. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазуучунун чыгармалары канчалаган чет тилдерге которулган. Ал кыргыздын гана эмес, дүйнөнүн жазуучусу. Дүйнөдө бизге окшогон күйөрмандары толтура. Бул тыйындар балким аларга да керек.
13.12.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Каерде болсо кычыган кыргыз... Орус тили жок олмокпуз тоо ташта калып... . Орустар жок 28 жыл жашап эмнени озгорттук? Кочуктон кетип атабыз тетирисинче... курулай фанат боло бербегилечи конулду айлантып...
altyn7776 түзөттү 2018-12-13 09:21:42
13.12.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жамандыктын эмблемасындай кылып эмнеге капкара кылып чыгарышкан...мээ-акылы ордундабы заказчиктердин?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: