super.kg logo

Банк: "Зилалиевдин ячейкадагы акчасы тууралуу видео 2017-жылы банк кызматкерлери тарабынан тартылган" (толукталды)

 

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы акчасы тууралуу видео 2017-жылы банк кызматкерлери тарабынан тартылган. Бул тууралуу Зилалиевдин 889 миң 900 доллар акчасы катылган "Оптима Банктан" SUPER.KG'ге кабарлашты.

Банктын өкүлү Наталья Мокинанын айтымында, интернетке тараган видео укук коргоо органдары тарабынан Зилалиевдин өзүнөн алынган.

"Интернетке тараган бул видео бир жыл мурун тартылган. Анда кардардын ячейкасынын ижара келишиминин мөөнөтү бүткөн. Ошондуктан банктын кызматкерлери Улуттук банктын эрежелерине ылайык, ячейканы ачып, ичинде сакталган мүлктү видеого тартып алып чыгышкан. Андан кийин мүлк жана видео ячейканын ээсине өткөрүлүп берилген. Кардарга бул боюнча бир ай мурун эскертүү берилип, бирок ал мүлкүн алып кетүү үчүн банкка келген эмес. Ошондуктан интернетке тараган видео банктын кызматкерлери менен бир жыл мурун эрежеге ылайык жумуш учурунда тартылган. Банк кардардын алдындагы милдетин Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык толук аткарды", - деди банктын өкүлү.

"Оптима банктын" жогорудагы билдирүүсү боюнча УКМКга кайрылганыбызда мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов комментарий берүүдөн баш тартты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул видеону интернетке кечээ, 11-декабрда таратып, бирок ал качан тартылганын айтпай жаткан.

Ушул жылдын 7-декабрында "мыйзамсыз байыган" деген айып менен Дүйшөнбек Зилалиев УКМК тарабынан кармалган.


кошулду





УКМК Дүйшөнбек Зилалиевдин коммерциялык банктардын биринен табылган акчасын көрсөттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
Медиа-портал
11.12.2018. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мына Кыргызстандын акчалары!!!
Медиа-портал
11.12.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кай жака кетти Эми бул акчалар
Медиа-портал
12.12.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мына элдин акчасы, мына элдин сырткы карызы
Медиа-портал
12.12.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Галстуктарына караганда оптима банк окшойт
Медиа-портал
12.12.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
офистин ичинде баарыле жайкы бут кийим менен журушот кышында деле.
Медиа-портал
12.12.2018. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
120 депутаттын баарын камаса баарында бар,экс президентти азыркы президентти да текшерсе аларда мындан да көп.Министир,пракорор,судялардыкын да чогултса сырткы карыздардан кутулабыз.
Медиа-портал
12.12.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул акчалар эми кимдин ячейкасына которулуп атат.
12.12.2018. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Банктык сыр" деген болуш керек!Оптима ишеничтуу банк экен,биле журолук)))
13.12.2018. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оптима банк, кардарынарды сатып жиберген турбайсынарбы анда. Жумуш устундо, бир жыл мурда тартылган видео эмне учун элге тарап кетти, болгондо да ГКНБ тарабынан. 1 жыл мурда тартылган видеону эмнеге сактап журдунор, эмнеге комитетке бердинер? Анда эле бардык кардарлар жонундо маалыматты сактабайт экенсинер да.
Makedonia түзөттү 2018-12-13 09:02:48
13.12.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Makedonia,Мен да ойлонуп калдым.Оптимадан айданып отуш керек экен деп.
13.12.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: