super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Аялымдын биринчиси эмесмин..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Москвадагы махабат..." деген тема талкууга алынган.

Автор: "Москва шаарында көптөн бери эмгектенем. Күндөрдүн биринде социалдык түйүндөрдөн бир кыз менен тааныштым. Аябай жөнөкөй кыз, үнү да өзгөчө. Ал да Москвада иштечү. Ошентип ал кыз менен телефондо 6 ай сүйлөштүк. Бир күнү жолугуудан эмнеге качасың десем, "жолуксак бир нерсе айтам, аны укканда өзүң эле качып, мени таштап кетесиң" деп ыйлады да трубканы коюп койду. Мен эмне болушу мүмкүн деп көпкө ойлондум. Ар нерсе оюма келди. Ошентип дагы 1 ай сүйлөшкөндөн кийин жолуктук. Аябай жакшы көрүп калдым, ал да мени жакшы көргөндөй сезилди. Тамактанып отурганда андан эмнени айта албаганын сурадым. Айтты... Көрсө, мындан 3 жыл мурун айылдан ала качып кетишиптир. Ата-энеси отургузуп коюптур. 3 ай жашагандан кийин күйөөсү кол көтөрүп, чала жан кылып сабап койгон экен. Анан ата-энеси келип ажыраштырып, Москвага жөнөтүшүптүр. Экөөбүз 3 ай сүйлөшкөндөн кийин ата-энеме айтып, нике кыйдырып жашап алдым. Азыр баары жакшы, келинчегим кош бойлуу. Бирок кээде "эмнеге менин маңдайыма ушундай жазылган?" деп ичимден билгизбей сыздайм. Биринчиси биринчи да баары бир. Силердин оюңар кандай?"

- "Биздин оюбуз сенин көңүлүңдү көтөрүп коюшу мүмкүн же тескерисинче түшүрүп коюшу мүмкүн. Бактылуу жашап жатыптырсыңар. Тынч жашооңорду өткөрө бергиле демекчимин. Биринчисиби, үчүнчүсүбү негизгиси бактылуу болсоңор болду. Сен жубан алдым деп өкүнбө, анча-мынча эркектердин колунан келбеген нерсени кылдың, азаматсың! "Кыз" албадым деп кыжалат болбо, "кыз" алгандардын баары бактылуу жашап кетпей эле, тескерисинче, ажырашуулар көбөйдү!"

- "Сенин сыздооң кандай багытта түшүнбөдүм? Өзүңдү аяп жатасыңбы же аялыңдыбы? "Аттиң, мен да биринчи кылып алышым керек эле, "кыз" көрбөй калдым" деп ичтен сызып жүрөсүңбү же "аялым мени эмес, ошол биринчисин самап жүрөт" деген багытта ичтен сыздообу? Эгер биринчиси болсо, сен бүт баарын билип туруп бул кадамга бардың. Эми аны таштап кетүүгө да, жадакалса жүзүнө салууга да акың жок. Өткөн өттү. Эскини чукуп, маанай бузуудан эч кандай майнап таппайсың. Сени бактылуу кылып жатат. Ичинде балаң бар. Сен эркексиң! Сенин күчтүүлүгүңө, жоопкерчиликтүүлүгүңө ишенип бир адам өз өмүрүн арнап отурат. "Сени сүйөм, баш кошолу, бактылуу кылам" деп айткан өзүң! Эми сөзүңдүн үстүнөн чык. Болбогон эле "чача-мачаны" жыйыштыр. Өзүңө жыйынтык чыгарып ал.

Эгер экинчи багытта сыздап жаткан болсоң, аял киши эч качан азап бергенди эңсеп кыйналбайт. Сен эле андан бетер азап берчү болбосоң. "Жаманды жолуктурмайын, жакшынын кадырын билбейт" деп коёт. Ал жаманды жолуктурду, сен эми жакшысы болуп кадырланасың! Ашыкча оюңду жыйыштыр. Кош бойлуу аялды да сыкпай, бүт бакытты тартуулап кой. Бактылуулук кандай экенин сезсин. Ал да ичинен "аттиң, биринчим ушул болсо гана" деп жүргөндүр. Сен ага кошумча болгондон көрө, "ал нерсе" маанилүү эместигин, негизгиси экөөң бири-бириңди сүйүп, бактылуу экениңерди тастыкта".

- "Биринчиден, мындай жазмышты өзүң тандадың. Сага эч ким "үйлөн" деп кошуп берген жок. Жолуңду өзүң тандап алып, эми өкүнгөндөй түр көрсөткөнүң туура эмес. Сеники азыр бактылуу жашап жатып, "и-ий тоюмда ак көйнөк кийбей калдым" деген кыздыкындай болуп жатат. Ал кыз жаман жолдо жүрүп, анан сага тийип калса башка кеп эле. Ал сага жароокер жар болсо, сени сыйлап, бириңди эки кылып жакшы жашап жатабы болду да. Элибизде бекеринен "Кызга бергис жубан бар" деп айтылган эмес".

- "Кийин мээсин чагып, эзгилебе. Эң эле жаманы ушул. Ал кыз сага ишенип, жакшы үмүт менен баш кошту. Ишеничин акта. Экинчи жолу эркектен көңүлү калбасын".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
12.12.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биринчисиби экинчисиби өзүн каалап баарына макул болуп алдын эми эмнеге ичинен сыздайсын же башында ойлонуп уйлонбош керек болчу өзүнүн дагы тагдырыны талкалап кызды дагы экинчи жолу жүрөгүн жаралап эмне пайда табасын андан көрө баарын унутуп алдыга койгон максат мн жашасан бактылуу болосуң
12.12.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да ушул ой менен куйомду жек коруп келем. кээде айтып да салам неге мындай болуп калдыы деп
12.12.2018. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчиден өзүңдүн чечимиңди сыйла, экинчиден эркек кандай экенин көрсөт, биринчи турмушунан таппаган бакытты сен көрсөт. Биринчиси эмесмин деп эч өкүнбө. Кыз белги беш мүнөттүк эле, андан кийин баары бирдей...
12.12.2018. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ЭРкектикке жатпай калды го бул жагы, өзүң үйлөнүп алып, кайра элге жарыялаганың эмнеси.
12.12.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бирөөнүн айыбын жапсан Аллах сенин айыбынды жабат биринчиси болсоң деле ушул жашоо эми тилиңди тишке басып жашоонду жаша
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: