super.kg logo
  Саясат  

Депутат Абдывахап Нурбаев: "Сооронбай Жээнбеков президент катары тышкы саясатты ордуна койду"

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев акыркы берген маегинде азыркы бийлик ал тапкан каражаттарды иштетүү менен эле алек болуп, көрүнүктүү иш жасабай жатканын айтты. "Мен Сооронбай Жээнбековду уксам, эч нерсе кылбай эле азыркыдай отурушум керек экен да. Эми буларга го жыргал, орустардан жарым миллиард доллар алып келип, фонд ачып койгом, ишканалар ачыла берет. Жээнбеков барып, ишканалардын лентасын кесе берет", - деди Атамбаев.

SUPER.KG порталынын "Атамбаев "Жээнбеков мен тапкан акчага ачылган ишканалардын лентасын кесип жүрө берет эми" деди. Азыркы бийлик өз алдынча көрүнүктүү иштерди жасай алдыбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жооп берди.

Эл өкүлү өкмөт жакшы иштей албай жатканын айтты.

“Сооронбай Жээнбеков президент катары тышкы саясатты ордуна койду. Түркия, Өзбекстан, Казакстан менен мамилени жакшыртты. Эң негизгиси, президент "парламентти өнүктүрөбүз" деген принципте кетип жатат. Ал эми өкмөт бюджетти көбөйтүүдө начар иштеди. Аябай алсыз кадрлар келип калып жатат. Жакында эле 520 миң доллар пара алмакчы болгон министрдин орун басары өкмөткө терс мүнөз пайда кылды. Жалпысынан жакшы да, жаман да иштери бар. Бирок электрондук, санариптештирилген өкмөттү курууга аракет жасоодо”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев, КСДПнын мурунку мүчөсү Сагынбек Абдрахманов, эксперт Эмил Үмөталиев, жарандык активист Айбек Мырза, журналист Нарын Айыптын жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: