super.kg logo

Башкы прокуратура: "Экс-министр Молдомуса Конгантиевдин иши токтотулганы тууралуу чечим жокко чыгарылып, кайра тергөөгө жөнөтүлдү"

 

Башкы прокуратура УКМКнын экс-министр Молдомуса Конгантиевдин ишин токтотуу тууралуу чечимин жокко чыгарып, кайрадан тергөөгө жөнөттү. Маалыматты башкы көзөмөл органынан ырасташты.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши кыскартылганы жөнүндө ушул жылдын июль айында белгилүү болгон. Анын жактоочусу Икрамидин Айткулов кылмыш иши кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылганын айтып, Молдомуса Конгантиевге болгон иш толук жабылганын билдирген.

Андан соң Башкы прокуратура Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иштин кыскарганы боюнча иликтөөнү баштап, ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен Башкы прокуратура өзүнө өткөрүп алган.

Иликтөөнүн жыйынтыгы 30-ноябрда чыгып, кайра тергөө үчүн УКМКга жөнөтүлгөнү маалым болду.

Айта кетсек, Молдомуса Конгантиевге 2010-жылдагы Апрель окуясында кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкандыгы үчүн айыпталган. Ал 2010-жылы апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен, кийин Орусиянын аймагында кармалып, 2010-жылдын 26-апрелинде Кыргыз мамлекетине өткөрүлүп берилген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
12.12.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Конгантиев азыркыларга караганда өттө жакшы иштеген Курманбек Бакиевдин убагында кайра иштетпейсинерби ошолорду кайра иш козгойсунар,Молдомуса Конгантиев эр журоктук кылып таластан келтек жеп
13.12.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Конгантиев өз кызматын аткарган бир адамга да ок чыгарткан эмес, бул саясат экенда
13.12.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы генерал. Азыркы генерал Област менен Шаардык башкармалыкты бириктирип жасалма генерал алып, кайра шаар менен обл болуп койду...
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-12-13 14:04:18
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: