super.kg logo

Орусияда 3 кыргыз жаранын сабап, бычактап, атып өлтүрүп талаага көмүп салгандар кармалды

 

Орусиянын Краснодарский крайындагы Крым районунун аймагынан 3 кыргыз мигрантынын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн дене мүчөлөрү табылды. Бул тууралуу орусиялык ММКлар жарыялашты. Маалыматка таянсак, аталган жарандар Кубань аймагына иш издеп барышкан. Алар 2013-жылдын 25-июнунан бери дайынсыз болгон. 11-июлда алардын жоголушу боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөдө үчөө тең өлгөнү белгилүү болду. Кылмышка күнөөлөнүп жергиликтүү 2 жаран кармалып, үчүнчүсү изделип жатканы кабарланды. Тергөөдө булар белгилүү болду: 24-июнда Нижнебаканск аймагындагы кафелердин биринде мигранттар менен жергиликтүү жашоочулардын ортосунда уруш чыгып, мушташка айланган. Кыргызстандыктар окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок жергиликтүү тургундар алардын бирөөсүн кууп жетип сабап, колу-бутун байлап салышкан. Ага жардам бергени кайрылып келген экөөсү да токмоктолуп, байланган. Андан соң аларды ээн талаага алып барышып бир нече жолу бычак сайышып, акырында баштарына тапанча менен атып өлтүрүшкөн. Каза болгондорду өрттөп, ошол жерге көмүп салышканын кармалгандар тергөөдө айтып беришти. Алардын денелери көмүлгөн жерди экспертиза иликтеп, учурда кылмыш боюнча тергөө жүрүүдө. 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
16.07.2013. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Жайы жаннати болсун" дейбиз да.Ушул да ботон жерде ар бир секунд сайын "кудайлап"аран журобуз.Кыргызстанга кетейин десен,ачка калсан,билбейм эмне кылыш керек?
16.07.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун кудай сактасын эми мындай окуялар болбой эле койсун эсен аман мекенибизге барууну насип кыл аллахым
16.07.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
этият болгула туугандар
16.07.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
a bul jakta bir oruska kolun tiysin4i,srazu genocid,uuui olduk,bizdi kuup jatat dep 4ygat!
16.07.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чондорубуз курсагын сылап олтурсун четинен кыргыз кырыла берсин колдорунан эчнерсе келбегенден кийин неге олтурасынар дейм силерда иликтеп ошолорду жазалагыла да
17.07.2013. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир жерди кыскан бай болот дегендей тиха ишти кылып коюп журо бериш керек озу бул жакта.
жаткан жери жайлуу болсун мекендешибиздин.
17.07.2013. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eldiyarmacho, коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз өчүрүлүп, сиз сайттан 10 күнгө четтетилдиңиз.
17.07.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман болуптур жайлары бейиштен болсун негизи кафе мафелер акыркы күндөрү көбөйүп баратат, кафеде чай ичип жөн отурсушсаго бир жөн арак пиво деген балакеттер тилдерин кычыштырып, өлгүсү келген эчки койчумандын таягына сүйкөнөттөн болушат
17.07.2013. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жандары жанаттан болсун, бирок ушул ботон жерде кафе ресторан дегенди токтотуп эле коюшса болмок,олтурулгон миранттардын ар бир учунчусу ушул кафелердечыккан жанжалдан сон олуп жатышат.
17.07.2013. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору барышпасын уйдо олтурса бироо аларды зордуктап албарбайтго озубуздо куноо ботон журта жолдун чекеси менен гана жон журуш керек жаш кетишиптир жайлары жанаттан болсун
17.07.2013. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куйгон адам болуп коммент жазыпсынар ушул жерде да баарыбыз кенебес экени корунуп турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: