super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы кызматтан кеткен финансы министри боюнча комментарий берди

 

Бүгүн, 12-декабрда парламенттик жалпы жыйында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мурдагы финансы министри Адылбек Касымалиевдин кызматтан кетүүсү тууралуу комментарий берди.

Өкмөт башчынын айтымында, Финансы министрлиги жоопкерчиликтүү жана оор мекеме.

"Касымалиев финансы министри болуп 3 жарым жыл иштеди. Бул кызмат оор жана абдан жоопкерчиликти талап кылат. Акча каражаты экономиканын каны болгондон кийин финансы министри дайыма "плюста" турат. Адылбек Алешович коррупциялык иштерге аралашпай жакшы иштеп берди. "Ден соолугума байланыштуу уруксат берсеңиздер финансы министри кызматынан кетейин, бирок мен башка кызматка деле барып иштегенге макулмун" деди. Өзүнүн каалоосу менен кетти. Урматтуу депутаттар, мен сиздерге ушуну ачык билдирип коёюн. Ал кишини өкмөттө же башка кызматтарда колдонгонго дагы деле мүмкүнчүлүктөр бар", - деди премьер-министр.

Ал эми өкмөт тарабынан финансы министри кызматына сунушталган Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары колдоду. Ага эл өкүлдөрүнүн 101и "макул" деп добуш берди.

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: