super.kg logo

Борбор калаада унааларды тоноого шектелип 3 адам кармалды

 

Бишкек шаарында унааларды тоноп жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Октябрь районунун тургуну кайрылган. Ал 6-декабрда саат 20:30 - 21:00 убакыт аралыгында белгисиз адамдар Тойота Камри үлгүсүндөгү унаасынын айнегин талкалап, 12 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Н.Т., 27 жаштагы Д.М. жана 18 жаштагы Т.у.Т. кармалган.

"Кылмышка шектүү катары кармалгандардын унаасынан 3 уюлдук телефон, газ-травматикалык тапанча жана мылтык табылган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды. Ошондой эле кармалгандар бул сыяктуу 10 фактыга катыштыгы бар экени аныкталды. Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде алар камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: