super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондор Лигасы: Орусиялык ЦСКА испаниялык "Реал Мадридди" жеңип алса, "Ювентус" "Янг Бойз" командасынан утулуп калды

 

13-декабрга караган түнү Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын акыркы беттештери орун алды. Анда 4 тайпадагы командалар беттешип, плей-оффко чыккан бардык командалар аныкталды.

Бул күндүн негизи оюндарында "Реал Мадрид" - ЦСКА, "Аякс" - "Бавария", "Валенсия" - "Манчестер Юнайтед" жана башка беттештер өттү.

"Реал Мадрид" - ЦСКА

"Реал Мадрид" Сантьяго Бернабеу стадионунда орусиялык ЦСКАны кабыл алды. Беттеш 0:3 эсеби менен орусиялык команданын жеңиши менен аяктады. Беттештин жүрүшүндө Федор Чалов, Георгий Щенников жана Арнор Сигурдссон гол киргизишти.

"Виктория" - "Рома"

Чехиянын Пльзень шаарындагы "Доосан-Арена" стадионунда жергиликтүү "Виктория" италиялык "Романы" жеңип алды. Талаа ээлери "Романы" 2:1 эсебинде жеңип алганга жетишти. "Виктория" командасынан Ян Коваржик менен Томаш Хоры айырмаланса, "Ромадан" Женгиз Ундер гол киргизди.

"Янг Бойз" - "Ювентус"

Швейцариянын Берн шаарында "Стад де Сюисс" стадионунда "Янг Бойз" менен италиялык "Ювентус" ойноду. Беттеш 2:1 эсебинде "Янг Бойз" командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды. "Янг Бойз" командасынан 2 голду Гийом Оаро жаратса, "Ювентус" Пауло Дибаланын голу менен жооп кайтарды.

"Манчестер Сити" - "Хоффенхайм"

Англиянын Манчестер шаарында жергиликтүү "Манчестер Сити" германиялык "Хоффенхайм" менен күч сынашты. Беттеш 2:1 эсебинде талаа ээлеринин жеңиши менен аяктады. Беттештин жүрүшүндө эсеп санын "Хоффенхаймдын" оюнчусу Андрей Крамарич ачса, Лерой Сане 2 гол киргизип, командасына жеңиш алып келди.

"Валенсия" - "Манчестер Юнайтед"

Испаниялык "Валенсия" Месталия стадионунда англиялык "Манчестер Юнайтедди" кабыл алды. Беттеште "Валенсиянын" оюнчулары 2 гол киргизип, "Манчестер Юнайтед" 1 гол менен жооп кайтарды. Оюнда испаниялык команданын оюнчулары Карлос Солер жана Фил Жонс, англиялык командадан Маркус Рэшфорд гол киргизген.

"Аякс"-"Бавария" - 3:3

"Шахтёр"-"Лион" - 1:1

"Бенфика"-АЕК 1:0






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
13.12.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш реал, кайдагы бир алсыз-күчсүз клубдан жеңилип позор эле болду. Өзү цсканын лчда эки эле жеңиши болсо керек, экөөсүтең реалдын үстүнөн).
13.12.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIA-TOO,ова
13.12.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIA-TOO,айтпа группадан ЦСКА акыркы орунда турат, Зидан кеткенден кийин Реал начарлады
13.12.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал озу кайрымдуу клуб да.ЦСКАны бир аз оссун деп женилип койду.оюнда баардык нерсе боло берет.Эми жеребьевка ташталсын командалардын чыныгы кучун эми коробуз
Modric10 түзөттү 2018-12-13 14:00:30
13.12.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Modric10, Реал алсыз болуп калганын мойнуңарга алып койгулачы кичине
13.12.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Топ тоголок дейт да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: