super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште Бабановго козголгон кылмыш иштери тууралуу маселени күн тартибине киргизүү сунуш өтпөй калды

 

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңеште экс-депутат Өмүрбек Бабанов тууралуу маселени күн тартибине киргизүү сунушу өтпөй калды. Мындай сунушту депутат Максат Сабиров киргизген. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бул сунуш добушка коюла турганын айтты. Анда Максат Сабиров бул маселе кечээ күн тартибине коюлуп, каралбай калганын билдирди. Депутат Руслан Казакбаев бул жерде чочуй турган эч нерсе жок экенин белгиледи. "УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрүн чакырып жарым саат маалыматын угуп койгондон эч нерсе болуп кетпейт", - деди Казакбаев.

Жыйынтыгында сунуш добушка коюлуп, "макул" деп 23 депутат, ал эми "каршы" деп 3 депутат добуш берди. Жалпы 95 депутат катталып, 26 эл өкүлү гана добуш берүүгө катышты.

Кечээ, 12-декабрда Жогорку Кеңеш Бабанов тууралуу маселе боюнча УКМК менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн маалыматын укмак. Бирок жумуш убактысы бүткөндүктөн бул маселени кароо башка күнгө жылдырылган.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керектигин айткан.






Бабановго козголгон кылмыш иштери тууралуу маселени кароого каттоодон өткөн 95 депутаттын 26сы гана добуш берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: