Таласта 7-класстын окуучусу мугалим тарабынан сабалганын айтып, кыздын апасы милицияга арыз жазды
Талас облусунда 7-класста окуган кыздын апасы мугалимге карата милицияга арыз жазды. Бул тууралуу 13-декабрда Талас ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуя 11-декабрь күнү Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында болгон. Арызда 7-класстын окуучусу мугалим тарабынан сабалганы жазылган.
"7-класстын окуучусу менен мугалимдин ортосунда пикир келишпестик жаралган. Анын себеби үй тапшырма аткарбаганы үчүн болгону айтылууда. Учурда кыз Кызыл-Адыр айылындагы ооруканада жатат. Ал эми англис тилинен сабак берген мугалимдин үстүнөн жабырлануучу кыздын апасы арыз жазды. Азыркы тапта тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-10-02

16:43
2025-10-02
Рейтинг:
1

Агай, эжекелер сабак аткарбагандарды кадимкидей эле какыс кукус кылышчу. Эч кимиси арызданып мугалимди иштен айдатканын корчу эмеспиз.