super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "Демократия түптөлгөн өлкөдө мураскер деген түшүнүк болбошу керек"

 

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратууга багытталган мыйзам долбоору каралууда. Депутат Жанар Акаев: "Мыйзам кабыл алынса коомчулукта айтылган сындардын негизинде Алмазбек Атамбаевди жоопко тартууга жол ачылабы?" - деп суроо берди?

"Бизде качып кеткен эки, качпаган эки президент бар. Азыр качып кетпегендер тууралуу сөз болуп жатат. Алардын бири Роза Исаковна кыска мөөнөттө иштеди, анын тушунда уурулук болгон жок. Эл арасында урмат-сыйга татып жүрөт. Анын көп жагынан үлгү алыш керек. Экинчиси - Алмазбек Атамбаев. Бул мыйзам кабыл алынса коомчулукта айтылып жаткан сындардын негизинде укук коргоо органдарына Атамбаевди жоопко тартууга жол ачылат деп түшүнсөк болобу?" - деди Жанар Акаев.

Демилгечилердин бири Курманкул Зулушев бүгүнкү күндө экс-президенттерде макам жок экенин айтып, кылмыш жасаганы аныкталса укук коргоо органдарына эч ким тоскоол болбой турганын кошумчалады.

Депутат Жанар Акаев бийликтеги мураскер деген түшүнүктөн арылуу керектигин кошумчалады.

"Мураскер деген түшүнүк жаралып "мен коюп кеткен адамым жасаган иштеримди жаап-жашырат" деп жасай беришкен. Демократия түптөлгөн өлкөдө мураскер деген түшүнүк болбошу керек. Президенттердин мураскер койсом жоопко тартылбайм дегени болбошу керек", - деди Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: