super.kg logo

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматында иштегендерге кылмыш ишин козгоду

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош облусунда иштеген кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, Өзгөндөгү каттоо-экзамен алуу жайынын транспорт каражаты жана айдоочулук курамынын өкүлдөрү айыпталууда.

"Облустук прокуратуранын кызматкерлери аныктагандай, аталган жайда иштегендер 2017-жылы жасалма документтери жана текшерилбеген маалыматтары менен өлкөгө кирген 17 автоунааны каттаган", - деп жазылат маалыматта.

Натыйжада унааны бажыдан өткөрүүдө мамлекеттик бюджетке 10 миллион 278 сом түшпөй калган. Ош облустук прокуратурасы "Бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө" (210), "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" (304) жана "Кызматтык жасалмалоо" (315) беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Иш тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.12.2018. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иш эле козголду болот жыйынтык жок, 700млн.сом аран тушурдунор бир кызматчынар пара катары 520мин.доллардан алып жатат. Тандап Жээнбековдун шайлоосуна кошбогондорду камап жатышат окшойт болбосо канчалаган корупционерлер журот С.Шарипович озу эле 35 адамды билерин айты эле жок дегенде бешоону каматса болмокда.
14.12.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo,35 адамдын 28и уже камакка алынды, жарым жылда 4 млрд. сом уурулардан кустурулду. Иш козголгондон кийин аны жоопко тартуу убакытты талап кылат. Андыктан куто туралы
14.12.2018. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеп ичкендерге чекесинен кылмыш иши козголуп жатат. Бул эмне факт эмеспи. Билип билбей эле бийликти жаман көрсөтүп жатасынар. Атамбаев маалында коррупция гүлдөп кеткен эле эл байкуш кыйналды. Азыр тазалануу жүрүп жатат.
14.12.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев алты жылда коррупционерлерди таптап, баары биригип казынаны кантарды, элдин байлыгын эсепсиз уурады. Эми ошол тажрыйбалуу уурулар менен курошуу бирг ана президенттин милдети эмес, баарыбыз жардам беришибиз керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: