super.kg logo

Белгилүү кыргыз спортчу, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Дарья Маслова турмушка чыкты

 
Азия оюндарынын келгенден кийинки сүрөт. Дарья Маслова менен Александр Бакалов.

Өлкөбүздүн белгилүү жөө күлүгү, Азия оюндарынын жеңүүчүсү Дарья Маслова турмушка чыкты. Кечээ, 13-декабрда 23 жаштагы спортчу өзүнүн социалдык баракчасына үлпөт тоюнан сүрөт киргизди.

Дарья Маслова сүрөттү эми киргизгени менен, үлпөт той ноябрь айында өткөнүн айтты.

"Үлпөт тоюбуз тууган, дос-тааныштардын коштоосунда 21-ноябрда өткөн. Жолдошум Александр Бакалов экөөбүз 4 жылдан ашуун кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнбүз. Бүгүн жолдошум экөөбүз бал айын өткөрүү үчүн Германияга учуп кетебиз", - деди Дарья Маслова.

Белгилүү болгондой, Дарья Маслова Индонезияда өткөн Азия оюндарында алтын жана күмүш медаль жеңип алган. Ошондой эле жөө күлүк 2 жолку Азия чемпиону болуп, бир топ эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон.

Дарья Маслова Индонезияда өткөн Азия оюндарынан жеңиш менен кайтып келгенден кийин "жигитим экөөбүз 4 жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Колумду сураса "ооба" дейм" деп айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 20 
Комментарийлер(4)
14.12.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азамат, бактылуу болсун.
14.12.2018. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өзү сары кыздарыбыз кыйын чыкты. Бактылуу болгула!)))
15.12.2018. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула!
Тойго чакырбадыңго Даша???
15.12.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: