super.kg logo
  Саясат  

Казакстандын КРдагы элчилиги "Таластыктар Казакстанга суу берсин" деди

 

Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстандан Талас облусундагы “Быстроток” каналын ачууну өтүндү. Маалыматка ылайык, Жамбыл облусунун Жуалын району жана аталган каналдын ылдый жагында жашаган кыргыздар суусуз калышкан. “Бул абал 1997-жылы Кыргызстан менен Казакстан биргелешип кол койгон достук тууралуу макулдашууга туура келбейт. Кыргыз тарап бул ишти жөнгө салуу үчүн тез арада тиешелүү чараларды көрүшү керек”,- деп жазылган билдирүүдө. Белгилей кетсек, Талас облусундагы Кара-Буура районунун Кайнар айылынын тургундары 7-июлда кыргыз-казак чек арасынын аймагында жайгашкан “Быстроток” каналын бууп алышкан. Алар 2008-жылы казак тарапка өтүп кеткен "Большой клин" жер тилкесине байланышкан маселени чечип берүүнү талап кылышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: