Унаа ичинде жардам сурап кыйкырган аялга көңүл бурбай койгон инспекторлор жумуштан бошотулду
Унаа ичинде жардам сурап кыйкырган аялга көңүл бурбай койгон инспекторлордун окуясы боюнча кызматтык иликтөө жыйынтыкталды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Иликтөөнүн жыйынтыгында Бишкек шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 9 кызматкерине чара көрүлдү. Тактап айтканда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кенже тескөөчүсү, милициянын прапорщиги А.Б. менен милициянын сержанты И.Б. ээлеген кызматынан бошотулушту.
Андан сырткары башкармалыктын взводунун ага тескөөчүсү Н.А., взводдун командири Д.С., башкармалыктын батальонунун командиринин орун басары Ж.уулу.У., башкармалыктын башчысы Ш.Б. жана орун басары Т.Д. катуу сөгүш алды. Ал эми башкармалыктын штабынын тескөөчүсү К.И. сөгүш алды. Ошондой эле башкармалыктын батальонунун командири Р.К. жазган рапорту боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.
Ушул жылдын 9-декабрында жергиликтүү телеканалдардын бири тарабынан тартылган видео интернетке жарыяланып кызуу талкууга алынган. Анда инспектор жолдон терезелери караңгылатылган унааны токтоткондо унаанын ичинен аялдын жардам сурап кыйкырганы угулган. Бирок инспектор ал аялга көңүл бурбастан, унаанын айдоочусу менен обочороок басып кетип сүйлөшүп келгенин көрүүгө болот. Бул окуядан кийин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы кызматтык иликтөөнү баштаган.
кошулду
Унаадан кыйкырып, жардам сураган айымга инспектор жардам бербей басып кетти
























1 |