super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Мамлекеттик органдарга 3,5 миллиард сом бөлүнсө да, жарандар сапаттуу санариптик кызматтарды ала албай келет"

 

Акыркы 7 жылдын ичинде мамлекеттик органдарды маалыматташтырууга 50 миллион доллардан ашык каражат (дээрлик 3,5 миллиард сом) жумшалган. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Коопсуздук кеңешинин отурумунда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, ири суммадагы акча жумшалганына карабастан жарандар жана ишкерлер сапаттуу санариптик кызматтарды ала албай келет.

"Мамлекеттик органдар эскирген жабдууларды жана эски системдерди сатып алууга каражаттарын коротуп жатат. Булардын баары моралдык жактан эскирип, мезгилдин талаптарына жооп бербейт. Ушул фактылардын баары өлкөнү санариптешүү боюнча мамлекет жасап жаткан чараларга терс таасирин тийгизүүдө. Мунун айынан маалыматтык технологияларды киргизүүдөгү натыйжа жокко эсе болуп жатат", - деди Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: