super.kg logo

Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурумда айыпталуучу сотко журналисттер катышуусуна каршы экенин айтты

 

Бүгүн, 14-декабрда Биринчи Май райондук сотунда Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум өтүүдө. Анын жүрүшүндө негизги күбө жана маркум Улан Саляновдун кошунасы суралып, көрсөтмө беришти.

Айыпталуучу Эрмек Осмоналиев көрсөтмө берүүгө даяр экенин айтып, бирок ага ЖМКнын өкүлдөрүнө катышууга тыюу салынышын судьядан өтүндү. Буга жабырлануучу тараптын жактоочусу каршы экенин билдирди.

"Бул окуя боюнча соттук териштирүү ачык болушу керек. Сотто жабырлануучу тарап айыпталуучуга карата сүйлөнүп, кыйкырып жатканы кадимки көрүнүш. Булар жакынын жоготту, муну эмоция катары туура түшүнүү керек. Ал эми журналисттер бул окуянын жүрүшүн чагылдырууда", - деди жактоочу.

Судья айыпталуучунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы өз үйүнөн белгисиз адамдар атып кетип, ал ооруканага жетпей көз жумган. Факты боюнча Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин шектүү Асанэмир Абыкулов, Эрмек Осмонкулов жана Заур Насруллаев аттуу үч адам кармалган. Алардын бири Эрмек Осмонкулов Бишкекте болсо, калган экөө Орусияда абакта кармалууда.






Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.12.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Талкуу жабык үчүн президенттин транспорт министрин сынга алганы боюнча оюмду ушул жакка жазууга туура келди,транспорт министрин кызматынан убактылуу четтетип туралы,анан эл унутканда кайра отура берет дегениби?кызматтан бошотулсун дегенге духу жетпедиби
Saidochka түзөттү 2018-12-14 12:19:52
14.12.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Saidochka, тергоо иштери буткончо четтетилет. Тергоонун журушундогу жагдайларга жараша болот тагдыры
14.12.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ай ай аай качан онолобуз а?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: