super.kg logo

Динара Акулованын багып чоңойткон апасы каза болду

 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулованын апасы каза болду. Бул маалыматты куудул Назира Жетигенова SUPER.KG'ге тастыктады.

Маалыматка караганда Динара Акулованы багып өстүргөн апасы Гүлүн Уркешова бүгүн, 14-декабрда Каракол шаарында акыркы сапарга узатылат. Белгилүү болгондой, Гүлүн Уркешова - Динара Акулованын багып чоңойткон апасы. Ал төрөгөн апасынын бир тууган эжеси болот.

Динара Акулова "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринин биринде 8 жашынан аны Асыл аттуу таенеси багып чоңойтконун айткан. "Өзүмдүн тапкан апам - Асыл энемдин эң кичүү кызы болот" деген Акулова. Мындан кийин Динара Акулова таежеси Гүлүн Уркешованын колунда чоңойгон. Ал 90 жаш курагында көз жумду.

Ушул жылдын октябрь айында Динара Акулова өз апасынын 80 жылдыгын жана багып өстүргөн апасы Гүлүн Уркешованын 90 жылдыгын белгилеп маараке өткөргөн.

SUPER.KG порталы Динара Акулованын апасынын көзү өткөндүгүнө байланыштуу, аза кайгысын тең бөлүшүп, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
14.12.2018. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу болсун, Аллах бут билип билбей кылган куноолорун кечирген болсун! Эжеге сабыр берсин!
14.12.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ыйманы саламат болсун!Пендечилик...
14.12.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тапкан апасы кичүү кызы эмес сиңдиси болот да табышмак кылбай жазсаңар.Жараткан Алла энебиздин бейишин берсин.
Jelezo түзөттү 2018-12-14 14:03:35
14.12.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Jelezo, жакшылап окусаныз, жазылып турат го, 8 жашында Асыл деген таенеси алып, багып чонойткон. Ал таенаси каза болуп калгандан кийин ушул каза болгон Гулун деген апасы баккан. Гулун апасы озунун тапкан апасынын эжеси болуп атпайбы.
14.12.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gul-jana2,рахмат эми түшүндүм
16.12.2018. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo,озунун апасы каякта ошондо?
14.12.2018. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Тенирим ыйманын саламат кылсын. Жаткан жер жайлуу болсун.
14.12.2018. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Жаткан жери жайлуу болсун. Менде мындай бир сунуш да. Кыргыздар араб динине киргенге чейин маркумду узатуунун кандайдыр бир жол жоболору болсо керек. Кандайдыр бир кыргызча сөздөрдү, бата айтып узатышса керек. Арабча дуаларды окууганда деле аны эч ким түшүнбөйт. Иликтеп көрсө болот болуш керек. Кандай болсо да, арабча эмес, кыргыздын өзүнүн ырым жырымдарын эле колдонгонубуз туура!
15.12.2018. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динара Акулованы багып чонойткон апасы туура жазсанар? жаткан жери жайлуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: