super.kg logo

Ислам каржы борбору акча которуу, акча алмаштыруу жана эсеп ачуу кызматтарын сунуштайт

 

"Бакай Банк" ачык акционердик коомунун Ислам каржы борбору бүгүнкү күндө ислам банкинги боюнча түрдүү операцияларды жүргүзүп келет. Бул кардарларды эсеп кассалык жана каржы операциялар менен тейлөө болуп саналат. Бул тууралуу "Бакай Банк" ААКсынын Ислам каржы борборунун директору Талант Керимбаев айтып берди.

Анын айтымында, потенциалдуу кардарлардын маалыматынын жетишсиздигинен акча которуу, акча алмаштыруу физикалык жана юридикалык жактар үчүн эсептерди ачуу шарияттын стандарттарына дал келбейт деген ойдо, "Бакай Банктын" Ислам каржы борборун жогорудагы процесстерди жүргүзбөйт деп ойлоосу мүмкүн. Бирок бул жаңылыш ойлор, Ислам каржы борбору бардык башка банктар сыяктуу эле бул кызматтарды көрсөтө алат.

"Мисал катары, Ислам финансылык принциптеринин негизинде Мудараба жана Кард-Хасан эсептерин ачууну санасак болот. Алар ыкчам депозит жана талап депозиттери болуп саналат. Ошондой эле биз физикалык жана юридикалык жактар үчүн дагы эсеп счётторун ачабыз. Бул операциянын баары шарият стандарттарынын алкагында ишке ашат", - деди Ислам каржы борборунун директору Талант Керимбаев.

Керимбаевдин айтымында, "Бакай Банк" ААКсынын Ислам каржы борбору интернет-банкинг кызматы аркылуу акча алмаштыруу операцияларын жүргүзөт. Бул дагы салттык банкингдин алкагында жүргүзүлүп, шарияттын стандарттарына карама-каршы келбейт.

"Бардык кардарлар бизге келип каражаттарын нак акчага алмаштырып, валюталарын алмаштырып, акча которуп жана Кыргыз өлкөсүнүн ичинде, ошондой эле чет өлкөдөн Золотая Корона, Western Union, Contact, Unistream, Moneygram, Ria Money Transfer, Бакай Трансфер системдери аркылуу акча которуу, алуу иштерин жүргүзө алат. Эсеп-кассалык тейлөөнүн тарифтери "Бакай Банкынын" тарифтери менен эле окшош", - деп кошумчалады Керимбаев.

Мындан тышкары Ислам каржы борборунун кардарларынын ыңгайы үчүн борбордо намазкана да ачылган.

Маалымат үчүн: Ислам каржы борбору - Кыргыз өлкөсүндөгү жана КМШдагы ислам принциптери боюнча финансылык кызмат көрсөткөн "Бакай Банк" ААКсынын алдында түзүлгөн алгачкы ислам мүмкүнчүлүгү.

Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 111 а.

Колл-центр: +996 (312) 610 061, моб.: 6111.

Email: office@ifcenter.kg.

WhatsApp: 0554 006 111.

Сайт: http://ifcenter.kg/


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.12.2018. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул каржы и башка толгон банктарды жок кылып туруп бир сбербанкка окшогон эле банк ачып койбойсуңарбы, биринде проценти жакшы болсо биринде услугалары арзан биринде сеть көп кырг карта алыш үчүн бардык банкка регистрация болуп чыгыш керек болуп калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: