Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына 60 жаштагы спорт ардагери 16 килограммдык гиряны 2618 жолу көтөрөт
22-декабрда спорт ардагери Александр Петров Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын урматына гиря көтөрүү боюнча марафон өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Белгилүү болгондой, Александр Петров жазуучунун урматына 16 килограмм салмактагы гиряны 2618 жолу көтөрүүнү пландап жатат.
"Марафон 22-декабрда, Бишкектеги спорт клубдарынын биринде болот. Спорт ардагери көтөрүүнү пландап жаткан гирянын жалпы салмагы 41 тоннадан ашат. 60 жаштагы Петров ушул жылдын башында 1 саат 33 мүнөттө 2018 жолу гиря көтөрүп, өзүнүн рекордун жаңылаган", - деп айтылат маалыматта.
Александр Петровдун гиря көтөрүү спорту боюнча жетишкендиктери:
- Орто-Азия округунун чемпиону - 1987-жыл;
- СССРдин чемпионатында күмүш медалдын ээси - 1989-жыл;
- Европанын жана Дүйнөнүн чемпиону - 2013-жыл;
- Ардагерлер арасында Европа чемпиону - 2014-жыл;
- Гран-принин жеңүүчүсү, ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиону - 2016-жыл;
- Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиону - 2017-жыл;
- Ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиону - 2018-жыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(3)
Elmiraattokurkyzy

14.12.2018. 15:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунуз жашынан караганда кыйла жаш корунот экен
rususu

16.12.2018. 23:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кандай гана кучтуу адам ээ,ден соолукту баалаган киши экен.
rususu

16.12.2018. 23:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.