super.kg logo
  Саясат  

Саясатчы Таалатбек Масадыков: "Экс-президенттен кол тийбестикти алуу - Атамбаевге эле тиешелүү эмес"

 

Жогорку Кеңеш кечээ, 14-декабрда экс-президенттерди кол тийбестик укугунан ажыратууга багытталган мыйзам долбоорду биринчи окууда колдоду. Учурда Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев экс-президент статусуна ээ.

SUPER.KG порталынын "Экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу бийликтин куугунтуктоо куралына айланып калбайбы?" деген соболуна саясатчы Таалатбек Масадыков жооп берди.

Ал экс-президенттен кол тийбестикти алуу демократиялуу мамлекетте куугунтукка алып келбей турганын белгиледи.

“Эч качан чыныгы демократиялык мамлекетте экс-президенттен кол тийбестикти алуу куугунтукка айланып кетпейт. Анткени мамлекет башына, парламентке таза адамдар келсе, баары мыйзам чегинде иштеп, жашаса, мындай куралга айланбайт. Элибиз кол тийбестикти алуу экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы деп түшүнүп жатат. Менимче, бул Атамбаевге эле тиешелүү эмес. Мурунтан бери эле ушундай болушу керек эле.

Демократиялык коомдо жашайбыз десек, анда кол тийбестик болбошу керек. Президент эгер кылмыш кылса, импичмент жарыяланып, жөнөкөй жаран катары жоопко тартыларын Түштүк Кореянын мисалында көрүп жатабыз. Ошондуктан кол тийбестик деген маселе болбошу зарыл. Депутаттардын биринчи окууда колдогону - бул жакшы нерсе. Бул мындан ары да уланышы керек. Мыйзамдын алдында баарыбыз теңбиз”, - деди ал.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясат таануучулар Сейтек Качкынбаев, Даниел Кадырбеков, укук коргоочу Рита Карасартова жана Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: