super.kg logo
  Саясат  

Дүйнөлүк Универсиадада алтын медаль уткан Нурбек Акановду Жалал-Абад шаардык мэриясы 40 миң сом менен сыйлады

 
Казань шаарында өткөн Дүйнөлүк Универсиададан алтын медаль утуп келген күрөшчү Нурбек Акановду Жалал-Абад шаардык мэриясы салтанаттуу түрдө сыйлады. Шаар мэри Муктар Арапбаев спортчуга 40 миң сом берсе, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев депутаттардын атынан 10 миң сом тапшырып, ак калпак жана чепкен кийгизип сыйлашты. Ал эми спортчу универсиадага жөнөп жатканда шаар башчысы кабыл алып, анын жол киресине деп 60 миң сом берген.  “Алыш күрөшү” буга чейин олимпиада оюндарынын катарында жок болчу. Мындан кийин олимпиада оюндарына кошулат. Азыркы менин жеңишим жалпы кыргыз элинин жеңиши, ийгилиги деп билем”,- дейт Нурбек Аканов. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: