super.kg logo
  Саясат  

Ирина Карамушкина: "Асел Кодурановага айтпай туруп кызматтан алгандар партиясы жок лидердин көрсөтмөсүн аткарышты"

 

Бүгүн, 14-декабрда КСДП фракциясы жыйын өткөрүп Асел Кодуранованы вице-спикерликтен кетиргени маалым болду. Анын ордуна Аида Касымалиева сунушталды.

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина жогорудагы чечимди сынга алды.

"Асел Кодуранованын өзүнө айтпай туруп, себебин түшүндүрбөй куулук менен жабык эшик артында аны кызматтан алышыптыр. Бул партиясы жок лидер менен "жогорку күчтөрдүн" көрсөтмөсүн аткарган партия мүчөлөрүнүн эң коркок бөлүгү. Алар азыр партиялаш дагы эмес. Алар "Атамбаевсиз" дегендерге кошулуп алышкан. Дал ушуга окшогондор репрессия учурунда (1937-1950-жылдары) өзүнүн партиялаштарын атууга добуш беришкен. Ким чындыкты айтса, өзүнүн пикири болсо аны НКВДга (Ички иштер боюнча элдик комиссариат) салып беришкен. Мына эми саткындар жаңы маска менен чыгышты. Кудай аларга жазасын берет", - дейт Ирина Карамушкина.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: