super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр: "Кыргызгидромет" табигый кырсыктардын алдын алууда маанилүү ролду ойнойт"

 

Гидрометеорологиялык кызматтын иши экономиканын негизги секторлорунун үзгүлтүксүз иштөөсүнө жана шаарлар менен аймактардын жашоосун камсыздоого түздөн-түз таасирин тийгизет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Кыргызгидрометтин өркүндөтүүсү: жетишкен прогресс жана болочокко шарт түзүү” аталышындагы конференцияда билдирди.

Конференциянын жүрүшүндө “Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык кызматты өркүндөтүү” регионалдык долбоордун аткарылышынын алкагында Гидрометеорологиялык кызматты модернизациялоонун жыйынтыгында жетишилген ийгиликтер талкууланды.

Вице-премьер-министр "Кыргызгидромет" табигый кырсыктардын алдын алуу жана экологиялык абалды иликтөөдө маанилүү ролду ойной турганын айтты. Белгилүү болгондой, метеорологиялык параметрлерди онлайн режиминде мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилди жана маалыматтарды чогултуу боюнча заманбап борбор түзүлдү. Ал борбор маалыматтарды кабыл алууга жана ар кандай түрдө метеорологиялык байкоолорду чоң көлөмүндө иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

"Биздин өлкө географиялык жайгашуу абалына жараша, башка тоолуу аймактар сыяктуу эле айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнө сезимтал келет. Экстремалдык метеорологиялык кубулуштардын натыйжасында жыл сайын Кыргыз өлкөсүндө 200гө жакын өзгөчө кырдаалдар катталат, жыйынтыгында олуттуу экономикалык зыяны тийип, адам курмандыктарына да алып келет", – деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Алсак, 2015-жылы катуу жаан-чачын, шамал, үшүк, көчкү сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын экономикалык кесепети 800 миллион сомдон ашуун сумманы түзсө, 2016-жылы 600 миллион сомдон ашуун, ал эми 2017-жылы 350 миллион сомго жакын каражатты түзгөн.

Буга катар Алтынай Өмүрбекова климаттын ааламдык өзгөрүүсү, жаратылыш кырсыктарынын жана экологиялык көйгөйлөрдүн санынын өсүүсү шартында алдын ала болжолдоо жана мониторингдөө кызматын үзгүлтүксүз өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: