Ушул жылдын 11 айындагы көрсөткүч: Өлкөдөгү жумушсуздардын саны 70 миң, орточо эмгек акы 15 778 сом
Ушул жылдын 11 айындагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жарыяланды. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматы боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 2018-жылдын ноябрь айынын аягында 70 100 адамды түзгөн. Көрсөткүч 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,2 пайызга өстү.
Орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү 2018-жылдын январь-октябрь айларында 4,2 пайызды түзгөн. Номиналдык туюнтууда орточо эмгек акы 15 778 сом болду.
Болжолдуу маалыматтар боюнча тышкы соода жүгүртүү 2018-жылдын январь-октябрь айларында 5 миллиард 375,3 миллион долларды түзүп, 2017-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 6,7 пайызга өстү. Анын ичинде экспорт – 1 миллиард 322 миллион долларды (1,6 пайызга төмөндөдү), импорт – 4 миллиард 53,3 миллион долларды (9,8 пайызгага өстү) түздү.
Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн ашып кеткенине байланыштуу соода балансынын айырмасы 2 миллиард 731,3 миллион доллар болду.


Калп баары!!!
Биринчиден орточо айлык маяна 10миндин тегереги десе эл ишенээр, анткени маянасы 10минге жетпеген да толтура толтура жаран бар.
Экинчиден РФ, Казахстан, Туркия ж.б. жактарга мигранттар кобунесе жумуш жоктугунан чыгып кетишуудо. Алар да жумушсуздар, бирок Окмоттон эч жардам болбогон сон ачка отуруп ар эшикти каккылап жумуш издегиче башка олкодон иш издеп ошол жакта иштеп келишет.
Окмотко жалан аферисттер, уупу-каракчылар чогулуп алышкан... Уялбай калп айтып отурушканычы......
Айла жок ошентип иштеп журобуз баламды таштап