Бишкек-Нарын-Бишкек аба каттамы ишке кирди
"Нарын" аэропорту. Жалпы аянты 49 гектар, учак конуучу тилкенин узундугу 2135 метр, туурасы 40 метр


"Нарын" аэропорту. Жалпы аянты 49 гектар, учак конуучу тилкенин узундугу 2135 метр, туурасы 40 метр

"Нарын" аэропортунун кызматкерлери

Учактын аэропортко келе жаткандыгын маалымдап туруучу жабдуу

"Нарын" аэропортунун бир көрүнүшү

Учактын аэропортко келе жаткандыгын маалымдап туруучу жабдуу

Учактын келе жаткандыгын маалымдоочу каражаттын узарткыч зымдары жана учак келе жатканда күйүүчү маяк

Бишкек-Нарын-Бишкек аба каттамынын кайрадан ишке киргизилиши аркылуу алгачкы учак келип конду

Жүргүнчүдөрдү SKY Biskek авиакомпаниясына таандык SAAB-340 үлгүсүндөгү ушундай учактар тейлейт

Жүргүнчүлөрдү тосуп алуу аземи

Жүргүнчүлөрдү өкмөттүн облустагы өкүлү баш болгон жоон топ тосуп алды

Жүргүнчүлөрдү тосуп алуу аземи

Жүргүнчүлөр эстеликке сүрөткө түшүүгө да үлгүрүштү

Жүргүнчүлөрдү өкмөттүн облустагы өкүлү баш болгон жоон топ тосуп алды

Жүргүнчүлөрдү тосуп алуу аземи

Учакты башкарган учкучтар

Жергиликтүү тургундар учактын келип конушун кызыгуу менен карап турушту

Кызматкерлер учактын тийиштүү бөлүгүн кубаттандыруу (заряддоо) даярдоо үчүн кубаттоочу каражатты алып келе жатышат

Учак кайрадан Бишкекке учууга даярдалууда

Кубаттоочу каражатты учакка туташтырышууда

Кубаттоочу каражаттын колдонуу көргөзмөсү

Кубаттоочу каражат

Учактын алдыңкы шассиси

Бул учактын мотору ушундай көрүнүштө

Учактын бир канаты

Учактын бир канаты

SAAB-340 үлгүсүндөгү 35 орундуу учак эми аптасына бир жолу абага көтөрүлүп турмакчы

Кызматкерлер жана кызыккандар учактын ичине чакан экскурсия уюштурууга жетишишти

Стюардессанын текчеси

Учактын ичиндеги өрт коопсуздугу үчүн даярдалган каражат

Жүргүнчүлөр учактын ичинде сүрөткө түшүп жатышты
16-июлда Бишкек-Нарын-Бишкек аба каттамы ачылып, жүргүнчүлөрдү тейлей баштады. Кеңеш айылында жайгашкан Нарын аэропорту 1965-жылы ачылган. Бирок жүргүнчүлөрдөн суроо-талап түшпөй калгандыктан, Кыргызстан эгемендүүлүк алганга чейин эле каттам үзгүлтүккө учураган. Эми аптасына бир жолу, шейшемби күндөрү SKY Bishkek авиакомпаниясына таандык 35 орундуу SAAB-340 үлгүсүндөгү учак жүргүнчүлөрдү тейлейт. Билет баасы 2100 сом болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
2

