super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Түркияда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата маданий иш-чара болуп өттү" дейт окурман

 

Түркиядагы кыргыз студенттери Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата маданий иш-чара уюштурду. Мындай билдирүүсүн SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман жиберген. Анын айтымында студенттер уюштурган иш-чара 14-декабрда болуп өткөн.

"Түркиянын Анкара шаарында билим алып жаткан кыргыз студенттеринин кеңеши залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай иш-чара өткөргөн. Анда жазуучунун "Жамийла", "Тоолор кулаганда", "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" чыгармаларынын негизинде дебат уюштурган. Ошондой эле Айтматовдун чыгармаларынан кыскача үзүндүлөр айтылып, концерттик программа да орун алды", - деген окурман өз билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: