super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Бишкек-Москва каттамында бараткан унаа ичиндеги 17 жүргүнчүсү менен кырсыкка кабылды

 

16-декабрда таңга маал Казакстандын Балхаш шаарына жетпей Бишкек-Москва каттамындагы эл ташыган унаа кырсыкка кабылды. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Бишкектеги Кулиев-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги базадан чыккан Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаа Казакстандын Балхаш шаарына жетпей кырсыкка кабылды. Окуя 16-декабрда таңга маал саат 6:00 чамасында орун алды. Жол тайгак болгондуктан унаанын дөңгөлөктөрү тайгаланып, башкаруудан чыгып жолдун четине оодарылып кеткен. Унаада 17 жүргүнчү болчу, бактыга жараша, алардын арасында жабыркагандар жок. Жолдо калган жүргүнчүлөрдү Бишкектен башка унаа келип алып кетти", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.12.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
АлхамдуЛиллах, эч ким жабыркабаптыр... Этият болгула шоопурлар!!!
17.12.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш кыргызым(((Кудайга шугур,арзан деп отургансынар да унаага.Аман калганынарга шугур!!!
17.12.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алыс жолго чыгып аткандан кийин, машинаны тыңдап алып чыкса болмок экен. Акырын айдап, ичиндеки кишилердин коопсуздугун сактап дегендей. Эми кырсык го, ошого өзүбүз себеп болбой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: