Атактуу түрк ырчысы Мустафа Сандал гонорардын айынан "Мейкин Азия" фестивалына катышуудан баш тартты
Атактуу түрк ырчысы Мустафа Сандал Ысык-Көлдө өтүүчү эл аралык "Мейкин Азия" фестивалына катышуудан баш тартты. Сандал иш-чарага катышуусу үчүн фестивалдын жалпы бюджетинин жарымынан көп суммадагы гонорар сураган. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев билдирди. Айта кетсек, "Мейкин Азиянын" жалпы бюджети 4,5 миллион сомду түзөт. Раевдин билдиришинче, түрк ырчысы фестивалда ырдап бериши үчүн 50 миң доллар же 2,5 миллион сом сурады. "Тилекке каршы, бизде мындай суммадагы гонорарды төлөп берүүгө мүмкүнчүлүк жок",- деди министр. Ал эми иш-чарага катыша турган чет өлкөлүк ырчылардын орточо гонорары 1-2 миң доллар. "Мейкин Азия" фестивалы 18-19-20-июль күндөрү Ысык-Көлдөгү "Рух-Ордо" маданий борборунда өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн атактуу ырчылары катышат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

3 күн БАН!
Типа Justin Bieber:)?