super.kg logo

Ысык-Көлдө көчөдөн эс-учу жок абалда табылып каза болгон жана аны үйүнө жеткиргенден кийин асынып алган жарандын туугандары милицияга кайрылган эмес

 

Ысык-Көл облусуна караштуу Сары-Ой айылында кабыргалары сынып көчөдөн эс-учу жок абалда табылып каза болгон жаран боюнча иликтөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов билдирди.

"Аны көчөдөн таап алып үйүнө жеткирип, ал каза болгондон кийин асынып алган айылдашынын өлүмү "өзүн өзү өлтүрүү" болуп катталды. Милицияга эки тараптын тең жакындары кайрылган жок. Бирок кабыргалары сынып, оор жаракаттардан улам көз жумган 46 жаштагы жарандын өлүмү боюнча иликтөө иштери улантылууда. Ал боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган, учурда анын жыйынтыгын күтүп жатабыз", - деди Усубакунов.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

9-декабрга караган түнү Сары-Ой айылында 43 жаштагы жергиликтүү тургун таңкы саат 4 чамасында жолдун боюнда эс-учу жок абалда жаткан айылдашын көрүп, аны үйүнө жеткирип коёт. Эртең мененки саат 10:00дөр чамасында ал киши каза болуп калат. Аны уккан айылдашы үйүнүн короосундагы сарайга барып асынып алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.12.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карандай калп бул!Жердештери айтып атышат го,тиги эс-учун жоготкон жаран каза болуп калгандан кийин туугандары келип берки жеткирип койгон Т байкени катуу сабашып талап жеп коё жаздашты дейт,келип сен олтурдун деп куноолоп,турмодо чиритебиз деп опузалашкан экен,анысы аз келгенсип милиция суракка ала бериптир кечке,баарыбир моюнуна ал деп кыйнашканбы дейм...
Байкенин жаткан жери жайлуу болсун,ак конул,жайдары адам эле леп жатышат.
17.12.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каза болгон байкенин да жаткан жери жайлуу болсун,анын туугандарынын куйутун тушунуп турам..
18.12.2018. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КУдай сактай көр, ошону үчүн тынч жашайлы деп жолдо жаткан, жардамга муктаж адамдарды көрмөксөн болот турбайбызбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: