super.kg logo

Акча которууларды акысыз, банктардан кезек күтпөй мобилдик тиркеме аркылуу алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү

 

Которулган акча каражаттарын банктардан кезек күтпөй, комиссиясыз картага чегерип алууга мүмкүнчүлүк ачылды. Кардар ордунан жылбай картасы аркылуу башка бир адамдын картасына акча которо алат.

Эми “Элкарт” карталарынын ээлери "Золотая Корона - Акча которуулар" мобилдик тиркемесинин жардамы менен келип түшкөн акчаны өз карталарына түздөн-түз чегере алышат. Андан соң которулган акчаны банкоматтын жардамы менен ала алышат.

“Золотая Корона - Акча которуулар” кызматынын директору Иван Ситнов алар үчүн “Элкарт” менен биргеликте Кыргыз өлкөсүндө бул долбоорду ишке ашырып жатканы чоң окуя, маанилүү кадам экенин баса белгиледи. "Золотая Корона" 2007-жылы Кыргыз мамлекетинде ишке ашырылган. Ошондо биз жергиликтүү банктар менен келишимге кол койгонбуз. Азыркы тапта биз дүйнөлүк чоң төлөм системдеринин бири болуп эсептелебиз. 2018-жылы жарым миллионго жакын Кыргыз жараны Орусиядан акча которууну “Золотая Корона” төлөм системи аркылуу жүргүзөт. “Золотая Корона” менен “Элкарт” биргеликте акча которулган акчаны жөнөкөйлөтүүнү ишке ашырат. Ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүнү көбөйтүүнү тилек кылып жатабыз. Акча которууну банкка барып алганга караганда мобилдик тиркеме аркылуу өз карталарына чегерип алуу бир кыйла жеңил. Бул биргелешкен иш үчүн “Элкартка” ыраазычылык билдиргим келет", - деди Иван Ситнов.

“Банктар аралык процессинг борборунун” жетекчиси Улан Жамалидинов азыркы тапта “Элкарт” картасын миллиондон ашык жарандар колдонуп жатканын билдирди. “Элкарт” картасынын ээлери “Золотая Корона” аркылуу акча которууну колдоно алат.

Которулган акчаны кантип картага чегерип алса болот?

Бул үчүн колдонуучу бир нече кадамдарды аткарышы керек. “Золотая Корона - Акча которуулар” тиркемесин уюлдук телефонуна App Store же Google Play’ден жүктөп алуусу шарт. Тиркемени орнотуп, авторизациялангандан кийин колдонуучу алгач “Акча которууну алуу”, андан кийин “Картага чегерүү” опциясын тандап, акча которууну жөнөтүүдө көрсөтүлгөн аты-жөнүн же акча которуу чегериле турган картанын маалыматтарын киргизиши зарыл. Акча ошол замат же үч күн аралыгында эсепке түшөт.

Тиркеме аркылуу бир күндө эки жолу акча которууга болот. Бир айда кардар 10 жолу акча которо алат. Акча которуунун минималдуу суммасы 100 рубль (104 сом 57 тыйын), ал эми максималдуу суммасы 600 миң рубль (630 миң сом).


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
17.12.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Колдондук бул кызматты эн пайдалуу
17.12.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2жылдан бери эле колдонуп журом го.Элкардтан 16цифра номерине салып коюп,же болбосо QR код менен эле ктотрушуп журобуз го.
17.12.2018. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн соонун болмок.
17.12.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстан ото эле арта калыптырбыз россияда 2010 жылдары еле карта мн эле бири бирибизге акча которуп келе жатабыз Кыргызстага дагы деле жете елек
18.12.2018. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Россиядан которсо болобу
18.12.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KG.Kushtarbek,рубль сом деп турат го
18.12.2018. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде деле тезирак карта мн которуп соода кылып толоп калсак экен. Теги кр да комиссия албайбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: