Лионель Месси жыл башынан бери 50 жолу гол киргизди
"Барселона" футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси Испания чемпиондугунун алкагында өткөн "Леванте" - "Барселона" беттешинде 3 гол жаратып, 2018-жылы киргизген голдорунун санын 50гө жеткирди.
"Барселонанын" расмий баракчасынын маалыматына ылайык, Мессинин мындай жетишкендиги акыркы 9 жыл ичинде 8-жолу кайталанып жатат. Тактап айтканда, чабуулчу 2010-жылдан бери бир гана 2013-жылы 45 гол жаратса, калган жылдардын баарында 50 же андан ашык жолу айырмалана алган.
Мындан сырткары, каталондук клубдун лидери бул сезондун башталышынан берки голдорунун санын 14кө жеткирип, Европадагы топ-чемпиондуктардын бомбардирлеринин арасында алдыга чыкты.
"Барселона" 16 турдун жыйынтыгында 34 упайга ээ болуп, испан чемпиондугунда 1-орунда келе жатат. 2-жана 3-орунда 31 упайы менен "Севилья" жана "Атлетико" клубдары жайгашкан.
Лионель Мессинин 2010-жылдан берки көрсөткүчтөрү:
- 2010-жыл - 60 гол,
- 2011-жыл - 59 гол,
- 2012-жыл - 91 гол,
- 2013-жыл - 45 гол,
- 2014-жыл - 58 гол,
- 2015-жыл - 52 гол,
- 2016-жыл - 59 гол,
- 2017-жыл - 54 гол,
- 2018-жыл - 50 гол.






1 |