super.kg logo

Садык Шер-Нияз Финансы министрлигине: "Маданиятка келгенде эле кашайып көрбөй каласыңар"

 

"Маданият тармагына келгенде кашайып көрбөй каласыңар. 2018-жылы киного бөлүнгөн каражаттын 40 пайызын кесип салдыңар", - деп нааразы болду Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тармактык комитеттин жыйынында.

Аталган жыйында маданият тармагындагы окуу жайларды музыкалык аспаптар, окуу куралдары жана башка тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылуу жөнүндө маселе каралып, анда эл өкүлү маданият тармагына каражат бөлүүгө келгенде баары башаламан экенин айтты.

"Кинематографияга бөлүнгөн акчанын 40 пайызын кесип салдыңар. Каражатты кыскартыш керек десе эле маданият тармагынан кесип жатып каласыңар. Маданиятка келгенде эле кашайып көрбөй каласыңар. Эл артисти, эл жазуучулардын пенсиясын карабайсыңар. Алар пенсияга чыкса, болбогон кайырчынын акчасын алат. Каражат сотторго, прокурорлорго, коррупциялашкан жолдорго табылат. Ал эми кыргызды дүйнө жүзүнө тааныта турган кино тармагына бир жылда каражаттын 40 пайызы бөлүнбөй калганы эмне деген шумдук. Маданият тармагындагылар, пара бергенди үйрөнөлү, ошондо маселебиз батыраак чечилет окшойт. Анткени башка тармактагылар пара берип эле маселесин тез чечтирип алып жатат", - деди Садык Шер-Нияз.

Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков жыл башында бекитилген мыйзам долбоорунун алкагында гана иштер жүрөрүн айтты.

"Эч кимден пара алынбайт. Сиздер бекитип берген мыйзамдын негизинде иш жүргүзөбүз. Бюджетте канча каражат кайсы тармакка каралса, анын бардыгы бөлүнүп берилет", - дейт Кармышаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.12.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгертен 10 процентин алмайынча акча жок дей беришет.Калимбетова Тажикандын убагында 15 пайызга чыккан аны ошол убактагы райфиндин башчылары баары билишет.
18.12.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спорт Сарайды оңдобойсуңарбы жеп жутарлар,полдору тешилип пачагы чыгайын деп калыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: