Кыргызстандык “Тумар КР” бий тобу “Чехиянын жана Словакиянын таланттары” аттуу сынактын жарым финалына чыгышты
Кыргызстандык “Тумар КР” бий тобу “Чехиянын жана Словакиянын таланттары” аттуу сынактын жарым финалына чыгышты. Бул тууралуу Атай Өмүрзаков өзүнүн интернет баракчасына жарыялаган. “Калыстардын айтымында, бийчилердин баш байге - 100 миң еврону утуп алууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Балдарды элдер абдан жакшы тосуп алышты. Кол чабуулар үзүлбөй, калыстар суктануу менен бийге күбө болуп жатышты”,- деп жазылган билдирүүдө. Белгилей кетсек, сынакта “Тумар КР” тобу Electro Boogie жанрындагы “Оркестр” бийин көрсөтүшкөн. Ал эми жарым финалда 30 катышуучу ат салышып, алардын 10у финалга өтмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
altinim

17.07.2013. 10:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалаймын!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.