super.kg logo

Кытайдагы туугандарын издеген этникалык кыргыздар Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдына чогулушту

 

Кытайдагы туугандарын издегендер кытайлык кыргыздар бүгүн, 17-декабрда Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдына чогулушту. Алар колуна Кытайдагы "саясий тарбия берүүчү лагерде" кармалып жаткан кыргыздардын абалын билип, тиешелүү чечимдерди кабыл алуусун талап кылган арыздарын кармап алышкан.

Чогулгандар аталган лагерде айрымдарынын экиден, дагы бирөөлөрүнүн 4-5тен тууганы кармалып жатканын айтышууда. Өзүн Адыл Касым уулу деп тааныштырган жаран SUPER.KG'ге бир туугандары акыркы 2-3 жылдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирди.

"Менин 38 жаштагы Мамбет, 42 жаштагы Жасын, Тургун деген бир туугандарым, 28 жаштагы Махмуд деген жээним жана 25 жаштагы Амина деген келиним Кытайда кармалып жатат. Айрымдары Кыргыз жерине келип кайрылман макамын алышкан болчу. Жүгүн көчүрүп келүү үчүн кайра барганда кармап кетип лагерге киргизип салышкан. Бирок ошондон бери биринин дагы өлүү же тирүү экендиги белгисиз", - деди Касым уулу.

Кытайда туугандарын издегендер буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго жана Бириккен улуттар уюмуна кайрылышкан. Кытайлык кыргыздарды коргоо комитетинин маалыматына караганда, лагерде жалпы 50 миңдей этникалык кыргыз камалып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.12.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кытайлык кыргыз боордоштор. Чын дилден силерге боорум ооруйт. Жакын адамдарын турмодо болуп алардан кабар ала албай жашоо эмне азап экенин биздин ХХХ бийлик билбейт.

Биздикилер кызматта журуп уурдап тоногондо куландан соо, камалса эле 1001 оорулуу болуп чыга келишет.

Кытайлардын адвокаты болуп оз элин камоого келгенде Сокенин бийлиги бат кыймылдайт. Кытайлык же Памирдик боордоштордун укугун коргоого келгенде Сокенин бийлиги кыймылдап да койбойт...
Модератор admin_media түзөттү 2018-12-18 08:06:41
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: