super.kg logo

Ыйласа да, күлсө да үнү чыкпай, түтүкчө менен дем алган 8 айлык Муслиманын күнүмдүк дарыларына каражат керек болууда

 

8 айлык Адылбекова Муслима үй-бүлөдө экинчи кыз. Ыйласа да, күлсө да үнү чыкпай, күнү-түнү тамагына салынган түтүкчө менен дем алат.

Бир жарым айлыгында биринчи жолу тамагына операция жасалган. Аны дарылоо үчүн ата-энеси Жалал-Абад облусунун Аксы районунан Москва шаарына барышкан. Наристенин атасы Тынарбек Адылбеков кызынын тамагындагы түтүкчөнү ириңдерден ар беш мүнөт сайын тазалап туруу керектигин айтат.

"Буга чейин тамагына эки жолу операция жасалган. Азыр үчүнчү жолу жасатуу алдында турат. Кыргыз жеринде мындай операция жасалбагандыктан биринчи жолу 1 жарым айлыгында Москвада операция жасалган. Оозу, мурду менен дем ала албайт. Ар 5-10 мүнөт сайын тамагы кырылдап калат, аны атайын жабдуу мене күндүз да, түнкүсүн дан тазалап турабыз. Жарым саат уктап, тамагы кырылдап калганда кайра ойгонот. Күндө он зонт алмаштырабыз, ар бири 100 сомдон турат. Фильтри күн сайын алмашат, анын баасы 250 сом. 4 бинт бир аптага жетет. Анын ар бири 36 рубль. Күнүмдүк керектелүүчү каражаттарга 2000 рублдун тегерегинде акча керектелет", - дейт Муслиманын атасы.

Үй-бүлөдө Муслиманын атасы гана иштегендиктен алдыда боло турган операцияга каражат керек болууда. Алардын камсыздандыруу полиси жок болгондуктан ооруканада палатага дагы акча төлөө керек. Маалым болгондой, Муслиманы бир жолку текшертүүгө 84 миң рубль, операцияга 130 миң рубль каражат керек. Мындан сырткары күнүмдүк керектөөлөргө 2000 рублдай каражат зарыл болууда.

Жардам берүү үчүн байланыш телефондору: +792 512 310 13, +792 950 280 14.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
18.12.2018. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ии жаным десе айыгып кетсин эч ким оорубасынчы бул дуйнодо.
19.12.2018. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сбер карточка да ачып койунуздар жардам беруучулор жардамын которушат .Ооруган адамга жардам беруу бул озунду ооруудан сактоо жана сооп.
19.12.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zhoro, +792 512 310 13, +792 950 280 14 ушул номерлерге сбер карта байланыштырылган экен. Которо бергиде по номеру телефона
19.12.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элсом болсо жакшы болмок экен, акча салганга! Жардам берели туугандар! Тезирээк жакшы болуп кетсин!
19.12.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бала оорубасын, ылайым туш коргондой болуп мээнеттен кутулуп кетсин ымыркайынар.
19.12.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала оор атты көтөрө албайт дешчү эле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: