super.kg logo

Терек-Сайдагы кенге байланышкан жаңжалдан кийин кармалган 13 адам үй камагына чыгарылды

 

Терек-Сайда кармалгандардын жакындары. Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында кенге байланыштуу жаңжалда "милиция кызматкерлерин сабады" деп кармалган 15 адамдын он үчү үй камагына чыгарылды. Мындай чечим Жалал-Абад облустук соту тарабынан 17-декабрда кабыл алынганын SUPER.KG'ге облустук соттон кабарлашты.

"Терек-Сай айылында кармалган 15 тургундун баш коргоо чарасы боюнча сот отуруму 17-декабрда каралып, 13 адам үй камагына чыгарылды. Бирок соттун чечими боюнча азырынча толук маалымат жок болгондуктан калган эки адамга карата кандай чечим кабыл алынганын билбейбиз", - деп билдиришти облустук соттон.

Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка таянсак, Чаткал районунун Терек-Сай айылында 5-ноябрь күнү кенге байланыштуу нааразычылык жаралып, кенди кайтарган атайын даярдыктагы отряддын 3 кызматкери жабыркаган. Анда жергиликтүү тургундардын бири кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Ал ишкананын аймагынан чыгарылып, бирок арадан көп убакыт өтпөй ал 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. 2-декабрда 15 тургун суракка алынып, 6 адам 2 айга убактылуу кармоочу жайга, 9у СИЗОго киргизилген.

Мындан улам "Эти Бакыр Терек-Cай" компаниясы Чаткал районунда өз ишин убактылуу токтотконун жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: